Тармактарга күч келсе электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлөт

Тармактарга күч келсе электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлөт.

 

Бул тууралуу “Улуттук электр тармактары” ишканасынан билдиришти. Андан такташкандай, максиммалдуу көрсөткүч катталган сааттарда электр тармактарына жана жабдууларга күч келүүдө.

 

Жарандарга бир учурда бир нече тиричилик приборлорун күйгүзбөй, электр энергиясын  үнөмдүү колдонуу сунушталат. Авариялык учурларга кызматкерлердин күнү-түнү иштеген бригадалары нөөмөт жүргүзүүдө.