Жыл башынан бери “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмдү  96 миңден ашуун бала алды

Жыл башынан бери “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмдү  96 миңден ашуун бала алды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан 389 миллион сом берилди.

 

Ведомстводон эске салышкандай, бир жолку төлөмдүн өлчөмү ар бир балага 4 миң сомду түзөт. Ал эми бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлсө ар бир ымыркайга 50 миң сомдон берилет.

 

“Балага сүйүнчү” төлөмүн алууга арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуу керек.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.