Жыл башынан бери Кыргызстандан сыртка 205,5 миллион доллар которулду

Жыл башынан бери Кыргызстандан сыртка 205,5 миллион доллар которулду. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында жазылган.

 

Кеп акча которуу системалары, уюлдук тиркемелер жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын транзакциялары тууралуу болуп жатат.

 

Көрсөтүлгөн сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир топко аз. Анда сыртка 5 айда 245 миллион доллар которулган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.