Оштун Кара-Суу районунда 40 млн долларлык текстиль фабрикасы курулууда

Оштун Кара-Суу районунда 40 миллион долларлык текстиль фабрикасы курулууда.

Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, анын алкагында 600гө жакын адам иш менен камсыз болот.

Ата мекендик ишкер куруп жаткан ишкана ушул күздө ачылат деп күтүлүүдө.

Фабрика эл аралык стандартка жооп берет.

Анда токуу, тигүү цехтери болот.