Рубль сомго карата арзандап жатат.
Кыргызстандын Улуттук банкы орус рублинин баасын мурдагы курска караганда 1,4%га төмөндөттү. Расмий курска ылайык, 1 рубль 92 тыйынга барабар болуп калды.
Акча алмаштыруучу жайлар болсо рублди 89-90 тыйындан алып, 93-94 тыйындан сатышууда.
Орус валютасынын курсу жыл башынан бери 1 сомдон жогору баада кармалып келип, 24-июнь күнү Кыргызстанда кескин төмөндөгөн.