БШК Ленин бир мандатуу шайлоо округу боюнча добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмесин жарыялады

БШК Ленин бир мандатуу шайлоо округу боюнча добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмесин жарыялады. Шайлоого катышууга укуктуу жарандардын аты-жөнү “Тизме” мамлекеттик порталында жеткиликтүү. Ага жалпысынан 124  миң адам кирди.   Ленин округу боюнча 51 участок ачылат. Эске салсак, аталган район боюнча Жогорку Кеңеш депутатын шайлоо келе жаткан… Кененирээк…

Өлкөдөн чыгууда көйгөй жаралбашы үчүн карызды алдын ала билип алса болот

Кыргызстандыктар өлкөдөн чыгууда көйгөй жаралбашы үчүн карызды алдын ала билип алса болот. Бул үчүн Сот департаментинин расмий сайтындагы «Карыздын абалын текшерүү» деген рубрикага кирүү керек. Андан кийин, 14 орундуу PIN кодду жазуу шарт. Эгер жыйынтык «Карыз табылган жок» деп чыкса, чет жакка чыгууда эч кандай… Кененирээк…

Ленин округу боюнча депутатты шайлоодо 97 адам участоктон тышкары добуш берет

Ленин округу боюнча депутатты шайлоодо 97 адам участоктон тышкары добуш берет.   БШК эскерткендей, мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө ден соолугуна байланыштуу же майыптыгынан улам келе албаган шайлоочулар, шайлоо күнү ооруканада жаткан же жабык жайлардагы жарандар укуктуу.   Орун-жайдан тышкары добуш берүү эртең болот. Шайлоонун өзү… Кененирээк…

Кытайлык аял ата-энесинин “кызы” болуп иштегени үчүн айына 570 $ айлык алат

40 жаштагы Кытайлык аял ата-энесинин “кызы” болуп иштегени үчүн айына 570 доллар айлык алат. Анын милдеттерине эне-атасын дүкөндөргө коштоп баруу, күн сайын кечинде кечки тамак даярдоо жана алар менен бийлегенге эртең менен бир саат бөлүү кирет.   Нианан аттуу аял буга чейин маалымат агенттигинде иштечү.… Кененирээк…

Бишкектин Арча-Бешик конушунун төрт көчөсүнө суу түтүктөрү тартылат

Бишкектин Арча-Бешик конушунун төрт көчөсүнө суу түтүктөрү тартылат.   Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендерди мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Шаар бийлиги бул максаттарга 10,5 миллион сомдон ашык жумшоого даяр.   Линиялар Күйүкова, Кызыл-Суу, Кошон жана Алтымышев көчөлөрүнө тартылат.

Кыргызстанда акыркы коңгуроо салтанаты тынч өттү

Кыргызстанда акыркы коңгуроо салтанаты тынч өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.   Бүтүрүү кечелерине 2 миң 366 окуу жайдан 200 миңге жакын бүтүрүүчү катышты.   Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө абал туруктуу. Милиция кызматкерлери тартипти сактоо жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш… Кененирээк…

Кыргызстандыктар июнда майрамдын урматына бир күн эс алышат

Кыргызстандыктар июнда майрамдын урматына бир күн эс алышат. Өлкө мусулмандары 28 же 29-июнда Курман айт майрамын белгилешет. Так датаны муфтият Айдын абалына жараша кийинчирек жарыялайт.   Курман айт Орозо айттан кийинки 70-күнгө туура келет. Бул күнү мусулмандар үй жаныбарын курмандыкка чалып, эттин көбүн кедей-кембагалдарга таратып… Кененирээк…

Кеминде сейил бак ачылды

Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында сейил бак ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Маалыматка ылайык, объект Кемин райондук өнүктүрүү фондуна 11 млн 745 миң сом каржыланды.   «Кичи-Кемин» сейил багынын курулушу 2021-жылы башталган.  

Сузакта дээрлик 100 үй-бүлөгө социалдык шаарча курулууда

Сузакта дээрлик 100 үй-бүлөгө ылайыкташкан социалдык шаарчанын курулушу башталды. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объект Орто-Сай айылында жайгашат.   Долбоор коомдук бирикменин колдоосу менен ишке ашууда. Ага жергиликтүү бийлик 3 гектар жер ажыратып берген. Шаарчада тигүү цехи, ФАП, азык-түлүк дүкөнү, мечит жана кичи футбол аянтчасы… Кененирээк…

Ленин округундагы шайлоодо онлайн добуш сатып алуу аракети көзөмөлдөнөт

Бишкектин Ленин бир мандаттуу округунан парламент депутатын шайлоодо онлайн добуш сатып алуу аракети көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.   Маалыматка ылайык, шайлоо күнү Улуттук банк, Банктар аралык процессинг борбору, коммерциялык банктар, төлөм системаларын жүргүзүүчү операторлор жана Мамлекеттик каржылык чалгындоо кызматы менен чогуу электрондук төлөмдөргө байкоо… Кененирээк…