Ленин округундагы шайлоодо онлайн добуш сатып алуу аракети көзөмөлдөнөт

Бишкектин Ленин бир мандаттуу округунан парламент депутатын шайлоодо онлайн добуш сатып алуу аракети көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, шайлоо күнү Улуттук банк, Банктар аралык процессинг борбору, коммерциялык банктар, төлөм системаларын жүргүзүүчү операторлор жана Мамлекеттик каржылык чалгындоо кызматы менен чогуу электрондук төлөмдөргө байкоо жүргүзүлөт.

 

Мыйзамга ылайык, шайлоочулардын добушун сатып алууга айыпталган адам 260 миң сом айыппул төлөйт же 2,5 жылга камакка алынат.

 

Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 29 талапкер ат салышууда. Добуш берүү ушул жекшемби, 28-майда өтөт.