Кыргызстанда акыркы коңгуроо салтанаты тынч өттү

Кыргызстанда акыркы коңгуроо салтанаты тынч өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

 

Бүтүрүү кечелерине 2 миң 366 окуу жайдан 200 миңге жакын бүтүрүүчү катышты.

 

Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө абал туруктуу. Милиция кызматкерлери тартипти сактоо жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.