2024-2029-жылдарга карата Кыргызстандын жайыттарын өнүктүрүү программасы бекитилди

Кыргызстандын министрлер кабинети 2024-2029-жылдарга карата Кыргызстандын жайыттарын өнүктүрүү программасын бекитти.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын белгилөөсүндө, учурда жайыт аянтынын үчтөн бир бөлүгүн уулуу, зыяндуу жана мал жебей турган өсүмдүктөр басып калган, анын ичинде тикенектүү алтыгана бадалы бар.

 

Ошол себептүү деградацияланган жайыттарды жакшыртуу максатындагы бул программа – климаттын өзгөрүү шарттарында жайыттарды сактоо жана жакшыртуу, ошондой эле жайыттарды натыйжалуу башкаруу аркылуу айыл калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууну көздөйт.

 

Жайыттарды өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык тиешелүү министрликтер, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине иштин жүрүшү жөнүндө маалымат берип турат, ал эми министрлик жарым жылдын жыйынтыгы боюнча жыйынды маалыматты Президенттин Администрациясына жөнөтүүсү керек.