Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизүү чечими кабыл алынды

Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизүү чечими кабыл алынды. Тагыраагы, Гонконг менен Макаонун резиденттери үчүн уруксат берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

 

Анын айтымында, мындай чечимди элдик дипломатияны өнүктүрүү үчүн министрлер кабинети кабыл алды. АКШ, Улуу Британия жана Европа биримдигине ачык визасы бар Кытай жарандары дагы бул артыкчылык менен колдоно алат.