Кайгуул милициянын 100дөн ашык унаасына GPS жана видеорегистраторлор орнотулду

Кайгуул милициянын 100дөн ашык унаасына GPS жана видеорегистраторлор орнотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бул жабдуулар кайгуул милициянын нөөмөттөгү кызматкерлери кандай иштеп жатканын тартып, көзөмөлдөөгө шарт түзөт.

 

Алар министрликтин кырдаал борборунун системасына туташтырылган.