Таласта катуу шамал мектептердин чатырын учуруп кетти.
Бул тууралуу Талас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Эмил Курманбаев билдирди. Анын айтымында, шамал Ак-Коргон айылындагы бир нече үйдүн жана мектептин чатырын учурган.
Ошондой эле Талды-Булак айылындагы мектептин чатыры жабыркады. Учурда шамалдын кесепеттери жана чыгымдары такталууда.