Таласта ипотекалык үйлөрдүн курулушу капсула салынды

Таласта ипотекалык үйлөрдүн курулушу капсула салынды. Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дардановдун айтымында, “Тынчтык Ордо” турак-жай комплексинде беш кабаттуу 10 үй курулат.   Долбоорду ишке ашырууга 448 миллион сом багытталат Каражат облусту өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт.   Аталган турак-жай комплексиндеги батирлер мамлекеттик… Кененирээк…

Кыргызстанда браконьерлерге жаза күчөтүлдү

Кыргызстанда браконьерлерге жаза күчөтүлдү.   Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине келтирилген зыян үчүн айып жогорулатылганын билдирди.   Ага ылайык, ак илбирсти аткардарга 2 миллион сом айып салынат, буга чейин айыптын көлөмү 1,5 миллион болчу. Аркар, күрөң аюу, марал, бугу, жейренди… Кененирээк…

Бүгүн кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды

Бүгүн кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, болочок студенттерди кабыл алуу “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт.   Биринчи этап 24-июлга чейин созулат. Экинчи тур 30-июлдан  7-августка чейин жана үчүнчүсү 13-августтан 20сына чейин уланат.  … Кененирээк…

Ош облусундагы селдин кесепеттерин жоюуга бүгүн 380 куткаруучу жана  44 техника тартылды

Ош облусундагы селдин кесепеттерин жоюуга бүгүн 380 куткаруучу жана  44 техника тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда калыбына келтирүү иштери Кара-Суу районунда жана Ош шаарында жүрүп жатат.   Учурга карата Кара-Сууда селден жабыркаган 718 үйдүн 600дөн ашыгы тазаланып бүттү. Селдин… Кененирээк…

Бишкекте борбордук көчөлөрдү оңдоо иштери качан жыйынтыктала турганы айтылды

Бишкекте борбордук көчөлөрдү оңдоо иштери качан жыйынтыктала турганы айтылды. Мэриядан такташкандай, 20-августка чейин Ахунбаев, Абдрахманов көчөлөрүн бүтүрүү пландалып жатат.   Чүй проспектисинде иштер 20-сентябрга чейин аяктайт деп күтүлүүдө.   Ал эми Жибек Жолу проспектисин калыбына келтирүү  10-15-октябрга дейре уланат. Мэрия ремонт иштери графиктен 20 күн… Кененирээк…

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу үчүн гранттык орундардын саны 10 миңге чейин көбөйтүлдү

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу үчүн гранттык орундардын саны 10 миңге чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-24-окуу жылына 6 миң гранттык орун бөлүнгөн.   Быйыл бул сан министрлер кабинетинин токтому менен 10 миңге чейин жеткирилди.   Басымдуусу билим берүү жана… Кененирээк…

Селден жабыркагандарга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөт

Селден жабыркагандарга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөт. Буга президент Садыр Жапаров ишендирди. Анын айтымында, өкмөттө атайын комиссия түзүлүп, жеринде келтирилген зыянды аныктайт.   Эске салсак, 14-июлда Ош шаары жана Ош облусун сел каптап  1 миңден ашык турак жай, социалдык инфраструктура, базар жабыркаган. Анын кесепетин жоюу иштери… Кененирээк…

Мадриддик “Реал” франциялык чабуулчу Килиан Мбаппени өзүнүн оюнчусу катары расмий тартуулады

Мадриддик “Реал” франциялык чабуулчу Килиан Мбаппени өзүнүн оюнчусу катары расмий тартуулады. Форвард клуб менен 5 жылдык макулдашууга кол койду. Футболчу “Сантьяго Бернабеу” стадионуна мадриддик форма менен чыкты.   Аны тосуп алууга трибуналарга 80 миң адам чогулган. Эске салсак, 10-майда Мбаппе ПСЖдагы келишими аяктагандан кийин “Реалга”… Кененирээк…

Сел агызып кеткен бешинчи жарандын сөөгү Өзбекстандан табылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жекшембиде сел агызып кеткен аялдын сөөгү 16-июлда Өзбекстандын Анжиян шаарындагы сайдан табылды. Ал — 39 жаштагы Б.А. аттуу жаран. Издөө ишине кыргыз тараптын кайрылуусу менен Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылган. Каза болгон аялды Ош шаарынын борбордук базарынан сел агызып кеткен.… Кененирээк…

Ошто эки деңгээлдүү унаа жолунун курулушу башталды

Ошто эки деңгээлдүү унаа жолунун курулушу башталды.   Архитектура, курулуш жана коммуналдык турак-жай чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, объект Монуев, Шакиров жана Алимжанов көчөлөрүндө жайгашат.   Күтүлгөндөй, эки деңгээлдүү жолдун курулушу шаардагы тыгындар маселесин чечүүгө чоң жардам берет. Ведомстводон кошумчалашкандай, долбоорду ишке ашыруу үчүн аймактагы… Кененирээк…