Ысык-Көлдөгү бир нече айылда сел жүрдү

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы айылдарда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык кечээ, 7-августта нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Талды-Суу, Көчү, Корумду айылдарын суу каптаган. Учурда аталган айылдарда 40тан ашык куткаруучу иш алып барууда. Селдин кесепети жана чыгымы такталып жатат.

 

Мунун алдында аталган министрлик аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 7-8-август күндөрү күтүлүп жаткан жаандан улам тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү ыктымал экенин эскерткен.