Кыргызстанда айыл чарба тармагын каттоо өнөктүгү жүрөт

Кыргызстанда айыл чарба тармагын каттоо өнөктүгү жүрөт.   Министрлер кабинетинен билдиришкендей, мамлекеттик жана коллективдик чарбалар, жеке ишкерлердин чарбасы жана калктын жеке мал жандыгы каттоодон өтүүгө тийиш.   Анын ичинде үй канаттуулары дагы эсепке алынат. Кампаниянын негизги максаты – айыл чарба тармагындагы негизги багыттар боюнча толук… Кененирээк…

Кыргызстанда эт өндүрүү өсүүдө

Кыргызстанда эт өндүрүү өсүүдө. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, биринчи жарым жылда республика аймагында дээрлик 96 миң тонна эт продукциясы өндүрүлдү.   Бул өткөн жылдын ушул мезгил аралыгын салыштырмалуу 563 тоннага көп. Өсүш мал жандыктын көбөйгөнүнө байланыштуу.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Бишкекте Республика көчөсүндө оңдоо иштери башталды

Бишкекте Республика көчөсүндө оңдоо иштери башталды.   Мэриядан билдиришкендей, анын Жибек Жолу проспектисинен тарта Чоң Чүй каналына чейинки бөлүгү калыбына келтирилет. Ошондой эле тротуар курулуп, ирригациялык тармак өткөрүлөт.   Тилке жабык болгондуктан, айдоочуларга башка каттам түзүп алуу сунушталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Өлкө мектептеринде биринчи класска 105 миң 500 бала кабыл алынды

Өлкө мектептеринде биринчи класска 105 миң 500 бала кабыл алынды. Электрондук кезек ачылган 4 айга карата маалыматты Билим берүү министрлиги тартуулады.   Учурда жашаган жери боюнча mektep.edu.gov.kg платформасында  6-7 жаштагы балдарды мектепке онлайн каттоо жүрүүдө.   Каттоо 30-августка чейин созулат, балдарды платформага ата-энелер же мыйзамдуу… Кененирээк…

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга дээрлик 10 миллион сом жеңилдетилген насыя берилди

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга дээрлик 10 миллион сом жеңилдетилген насыя берилди.   Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 11-июлга карата каражат 73 каржылоо субъекттерине берилди.   Кредиттөөнүн жалпы көлөмү 1 миллиард сомду түзөт.  Жеңилдетилген насыя эки мамлекеттик банк аркылуу берилүүдө.   Ушул… Кененирээк…

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 40 миллион доллар бөлүп берет

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 40 миллион доллар бөлүп берет.   Тиешелүү макулдашууну ратификациялоо мыйзамына президент Садыр Жапаров кол койду. Документке ылайык, сумманын жарымы насыя болсо, калганы гранттык негизде тапшырылат.   Каражат мектептин жана жогорку билим берүүнүн деңгээлинде илимге, технологияга, инженерияга жана математикага өзгөчө басым жасоо… Кененирээк…

Селден жабыркагандар үчүн Ош шаарына Өзбекстандан гуманитардык жардам келди

Селден жабыркагандар үчүн Ош шаарына Өзбекстандан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүктү “Достук” чек ара бекетинен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.   13 жүк ташуучу унаа менен келген гумжардамдын салмагы 200 тонна. Анда курулуш материалдары, кийим-кече, гигиеналык каражаттар жана азык-түлүк бар.… Кененирээк…

Бишкекте 18-июлда Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

Бишкекте 18-июлда Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, анын Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки тилкесинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.   Бул пландалган жумуштардын биринчи этабы. Кийинки кезекте Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүк калыбына келтирилет.

Испания курамасын Мадридде чемпиондук парад менен тосуп алышты

Испания курамасын Мадридде чемпиондук парад менен тосуп алышты.   Европа чемпионатынан кийинки салтанат борбордук аянтта миңдеген күйөрмандардын катышуусу менен өттү.   Эске салсак, Испания курамасы финалда Англия футболчуларын 2:1 эсебинде утуп алды. Муну менен “кызыл фурия” төртүнчү ирет Европа чемпиону аталууда.

«Комсомол» көлүнө скважинадан таза суу толтурулуп жатат

Бишкектеги Каражыгач токоюндагы «Комсомол» көлүнө суу толтурулууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.   «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көлдүн түбүн механикалаштырылган жана кол менен тазалоо, ошондой эле учурдагы скважиналарды, канализация системасын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.   Учурда көлдүн айланасындагы тротуарларды асфальттоо иштери да жасалууда. Мэриянын… Кененирээк…