Сел түшкөн унаа жолдорду тазалоо иштери кызуу жүрүүдө

Сел түшкөн унаа жолдорду тазалоо иштери кызуу жүрүүдө. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Ноокат-Араван унаа жолу тазаланып, эки тараптуу каттам берилди.   Учурда жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө. Ал эми Жалал-Абад-Казарман унаа жолунда селдин кесепеттерин жоюу, тазалоо жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле, Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунун 49-51-чакырым… Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Суу аймагында жарыксыз калган бардык абоненттерге электр энергиясы берилди

Ош облусунун Кара-Суу аймагында жарыксыз калган бардык абоненттерге электр энергиясы берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жеринде авариялык оңдоп-түзөө бригадалары, атайын техника иштеп, подстанциялар, трансформаторлор калыбына келтирилди.   Ошондой эле жаңы мамылар орнотулду.   Чыңалуу толук кандуу берилип жатат. Эске салсак, 14-июлда аймакта катуу… Кененирээк…

Балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында Кыргызстан курамасынын капитаны болуп шайланды

Балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында Кыргызстан курамасынын капитаны болуп шайланды.   Францияда Махмудов өзү 6-августта килемге чыгат. Күрөш боюнча турнир августта башталгандыктан, балбандар оюндардын ачылыш аземине катыша албайт.   Андыктан, өлкөнүн желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат, — дешти министрлер кабинетинен. Эске салсак, Кыргызстан курамасында… Кененирээк…

Бишкекте эми троллейбустар болбойт

Бишкекте эми троллейбустар болбойт. Алар экологиялык жана мобилдүү келген электробустарга алмаштырылат. Шаар бийлиги муну троллейбустар ыңгайлуу болбой калганы менен түшүндүрүүдө.   Анткени, алар атайын линия тартылган каттам менен гана жүрө алат. Алсак, учурда Бишкекте бир катар борбордук көчөлөр капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Мындай учурда троллейбустарга… Кененирээк…

Жалал-Абаддагы “Көк-Арт” кичи ГЭСи ишке кирүүгө даяр

Жалал-Абаддагы “Көк-Арт” кичи ГЭСи ишке кирүүгө даяр. Долбоорду ишке ашыруу 2022-жылдын август айында башталган.   Эки жыл аралыгында Көк-Арт дарыясында узундугу 2 мин 600 метрге жеткен деривациялык канал жана инженердик объектилер курулуп, турбиналар жана башка  зарыл жабдуулар орнотулду. Ошондой эле, электр монтаждоо иштери аткарылды.  … Кененирээк…

Бишкекте бүгүнтөн тарта Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Бишкекте бүгүнтөн тарта Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, анын Сухэ-Батор көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки тилкеси калыбына келтирилет.   Тыгындарды азайтуу максатында, жол оңдоо иштери этабы менен жүрөт. Андан кийин Сүйөркулов – Ахунбаев участогу ремонттолот.

Бишкектеги Иван Панфилов атындагы Аскердик даңк музейинин имараты буздурулат

Ордо калаадагы Иван Панфилов атындагы Аскердик даңк музейинин имараты буздурулат.   Ал тарыхый-маданий жана архитектура тизмесинен чыгарылды.   Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, музейдин имараты жер титирөөгө туруктуу эмес. Андан улам, аны бузуп, ордуна сейсмикалык талаптарга туура келген имаратты… Кененирээк…

Ошто электр энергиясын берүүнү жандантуу боюнча иштер уланууда

Ошто электр энергиясын берүүнү жандантуу боюнча иштер уланууда. Улуттук электр тармактары компаниясынан билдиришкендей, селдин кесепетинен 7,5 миңден ашык жаран жарыксыз калган.   Учурга карата 5 миң 500 үйгө электр энергиясын берүү мүмкүн болду. Жеринде авариялык-калыбына келтирүү бригадаларынын 26 кызматкери иштеп жатат. Андан тышкары, 6 атайын… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкектен Балыкчыга поезд күн сайын каттайт

Бүгүнтөн тарта Бишкектен Балыкчыга поезд күн сайын каттайт. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдиргендей, көл жээгине темир жол аркылуу  31-августка чейин жетип алса болот.   Жүргүнчүлөр үчүн стандарттуу, Люкс жана VIP-вагондор жеткиликтүү. Поезд Бишкектен таңкы саат 7:40 чыгып, Балыкчыга 11:46да жетет. Белгилеп кетсек, буга чейин… Кененирээк…

Кара-Суу районунун Телман айылында 140 орундуу бала бакча курулууда

Кара-Суу районунун Телман айылында 140 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Бала бакча 2 кабаттан туруп, анда бөбөктөр үчүн бардык шарттар каралат.