Көлбаевге тиешелүү Таластагы аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылды

Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана маркум Камчы Асанбектин (Көлбаев) жашырылган мүлкүн аныктоого багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө «Натур Энержи» ЖЧКсынын директору А.у.А. К.Асанбектин жакын адамы Р.Т.К.… Кененирээк…

Кара-Кулжа районунда 275 орундуу мектеп курулууда

Кара-Кулжа районунун Кайын-Талаа айылындагы мектептин курулушу уланууда. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө жумуштар 70 пайызга аткарылды.   Долбоордо заманбап шарттары менен 275 окуучуга ылайыкталган эки кабаттуу имарат каралган.   2022-жылы башталган мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланууда.   Ушул жана… Кененирээк…

Баткендин эки айылында селден кийинки калыбына келтирүү иштери аяктады

Баткен районунун эки айылында селден кийинки калыбына келтирүү иштери аяктады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар Ак-Татыр жана Самаркандек айылдарында толугу менен бүткөрүлдү.   Учурда аталган аймактарда сел өткөрүүчү сайдын нугун тазалоо жана кеңейтүү иштери жүрүп жатат.   Эске салсак, 10-июлда жааган нөшөрлүү жаандан Баткен районунун… Кененирээк…

Улуттук банк валюта рыногунан 34,3 млн доллар сатып алды

Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна интервенция менен чыкты. Бул жолу өлкөнүн башкы каржы мекемеси 34 миллион доллардан ашык сатып алды.   Жыл башынан бери бул он биринчи тескери интервенция.   Жалпысынан валюталык операциялардын алкагында Улуттук банк 299 миллион 250 миң доллар сатып алды.   Ушул… Кененирээк…

Бишкекте июль айынын эң ысык учуру үчүнчү декадага туш келет

Бишкекте июль айынын эң ысык учуру үчүнчү декадага туш келет. Синоптиктердин маалыматына караганда, жакынкы жети күндө борбор калаада абанын температурасы нормада же бир аз жогору болуп, күндүз максимум +35, түнкүсүн 22 градуска жакын жылуу болот.   Бирок 20сынан баштап күндүз термометрлер 36 градустан төмөн түшпөйт,… Кененирээк…

Бишкекте эртеңден тарта №104 муниципалдык автобус каттамы ишке кирет

Бишкекте эртеңден тарта №104 муниципалдык автобус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Бул автобустун акыркы аялдамасы “Эне-Сай” конушунда жана “Орто-Сай” айылында жайгашат.   Күн сайын 20 автобус каттамга чыгат. Орточо аралыгы 15-17 мүнөттү түзөт.

“Барселона” франциялык ПСЖга 16 жаштагы Ламин Ямалды сатуудан баш тартты

“Барселона” франциялык ПСЖга 16 жаштагы Ламин Ямалды сатуудан баш тартты.   Каталондуктар Ямаль перспективдүү оюнчу болгондуктан, аны сатуу ойдо жок экенин белгилешти.   ПСЖ болсо жаш футболчу үчүн 250 миллион евро сунуштаган. Эгер келишим жетишилсе, бул футбол тарыхындагы эң кымбат трансфер болуп калмак. Кошумчалап кетсек,… Кененирээк…

Бишкекте “Ала-Тоо” аянтын реконструкциялоо уланууда

Бишкекте “Ала-Тоо” аянтын реконструкциялоо уланууда. Бул тууралуу ордо калаа бийлиги маалымдайт.   Оргумалар алмаштырылып, жаңы эскиз боюнча түнкүсүн борбордук аянтты күйүп-жана турган фонтандар кооздойт. Реконструкция иштери августта аяктайт деп пландалууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Эртең, 12-июлда “Торугарт-автожол” көзөмөл өткөрүү бекети бир саатка жабылат

Эртең, 12-июлда “Торугарт-автожол” көзөмөл өткөрүү бекети бир саатка жабылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди.   Бул убакытта өткөрүү пунктунда техникалык иштер жүргүзүлөт.   Белгилеп кетсек, “Торугарт” өткөрүү пункту мамлекеттик чек аранын Нарын облусундагы кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан.

Баткен облусунун Көк-Терек айылында сел көпүрөнү агызып кетти

Баткен облусунун Көк-Терек айылында сел көпүрөнү агызып кетти. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, өтмөк Достук – Ак-Сай жолунда жайгашат. Айыл чектеш аймакта орун алгандыктан, коңшу өлкө менен транспорт байланышы убактылуу үзгүлтүккө учурады.   Тажик тарап менен көпүрөнү биргелешип калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.   Ведомстводон… Кененирээк…