Акылбек Жапаров иш сапары менен Россияга барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-10-июль күндөрү иш сапары менен Россиянын Екатеринбург жана Красноярск шаарларына барат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.   Екатеринбург шаарында Акылбек Жапаров РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен бирге «Технологиялык өнөктөштүк: эл аралык бизнестин чордону» темасында ИННОПРОМ-2024 негизги стратегиялык сессиясына катышуусу күтүлүүдө.  … Кененирээк…

Бишкек Борбор Азияда эң кымбат үчүнчү шаар деп табылды

Бишкек Борбор Азияда эң кымбат үчүнчү шаар деп табылды. Аналитикалык сайттардын бири жазгандай, мындай жыйынтык ушул жылдын алты айынын негизинде чыгарылды.   Борбор Азиядагы эң кымбат шаар Казакстандын Алматысы болсо, кийинки сапта Астана калаасы, төртүнчүдө Өзбекстандын Ташкенти турат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек фондунун уставдык капиталын көбөйтүү пландалууда

Кыргызстандын элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугушту. Элчиликтен маалымдашкандай, анда кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 200 млн долларга көбөйтүү мүмкүнчүлүгү каралды.   Ошондой эле тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү кыргыз-өзбек кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Тактап айтканда, транспорттук-логистикалык… Кененирээк…

Кадамжайда өзгөчө кырдаал режими алынды

Кадамжайда сел кесепеттерин жоюу иштери жыйынтыкталгандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынды.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эске салышкандай, 24-июнда нөшөрлүү жаандан улам Кадамжай районунун Искак Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылына сел келип, турак үйлөргө, жер төлө жана социалдык объекттерге суу кирген.   Мындан улам 25-июнда Кадамжай… Кененирээк…

Айыл чарбаны колдоого 3,27 млрд сом насыя берилди

«Айыл чарбаны каржылоо» долбоорунун алкагында ишкерлерге 3 млрд 277 млн сомдон ашык насыя берилди. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, жеңилдетилген кредитти 8 миң 300дөй адам алды.   Насыя эки категория – мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү боюнча берилген.   Быйыл “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоору… Кененирээк…

Баткен жана Лейлек райондорунда жүргөн селден жолдор жабылды

Баткен жана Лейлек райондорунда жүргөн селден ички чарбалык жолдор жабылды.   Өзгөчө кырдаалдар миинстрлиги билдиргендей, селден улам Баткен районундагы Айгүл-Таш — Согмент — Таян жолу жабылып, унаа кыймылына чектөө киргизилди. Лейлек районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам Раззаков — Андарак — Көк-Таш жолун суу каптап, Тогуз-Булак… Кененирээк…

Ноокатта алма сактоочу логистикалык борбор ачылды

Ноокатта алма сактоочу логистикалык борбор ачылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, соода логистикалык борбордун жалпы аянты 1 миң чарчы метрден ашып, сыйымдуулугу 1 миң 200 тоннаны түзөт.   Аны ачууга 141 миллион сом жумшалды.   Борбордо   350 тоннага… Кененирээк…

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо көрсөткүчү 128 баллды түздү

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо көрсөткүчү 128 баллды түздү.   Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. ЖРТга катышкандардын 32 миң 116сы 115ке барабар жана андан жогору баллдарды топтогон, бул жалпы катышуучулардын 62 пайызын түзөт.   Эске салсак, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча… Кененирээк…

Казакстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан  268 спортчу катышат

Казакстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан  268 спортчу катышат. Бул тууралуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын башчысынын милдетин аткаруучу Жеңишбек Нурчоро уулу билдирди.   Анын айтымында, кыргызстандыктар көк-бөрү, ат чабыш, салбуурун, таяк тартыш жана башка оюндарда күч сынашат.   Учурда командалар даярдык көрүүдө. Эске… Кененирээк…

Мамлекеттик салык кызматы кыймылсыз мүлк жана унаага салык төлөө керектигин эскертет

Мамлекеттик салык кызматы кыймылсыз мүлк жана унаага салык төлөө керектигин эскертет.   Муну 1-сентябрга чейин аткаруу милдеттүү. Өз учурунда салык төлөнбөсө физикалык жактар 1 миң сом, юридикалык жактар 5 миң сом айыпка тартылат.   Салыктар банк кассаларында, почта бөлүмдөрүндө жана төлөм терминалдары аркылуу кабыл алынат.… Кененирээк…