Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, Шанхай Кызматташтык Уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин (ШКУ МБК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти.   4-июлда өтө турган ШКУ МБК жыйынында катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери уюмдун форматында көп тараптуу жана көп вектордуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле… Кененирээк…

Кыргызстанда сүттүн баасын жөнгө салуу үчүн тарифтик график киргизилет

Кыргызстанда сүттүн баасын жөнгө салуу үчүн тарифтик график киргизилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Тарифтик графиктеги баалар – аймакка, орточо айлык акыга, тоюттун наркына жана сомдун курсуна жараша иштелип чыгып, Монополияга каршы кызмат тарап менен макулдашылган.… Кененирээк…

Коргоо министрлигинин аскер поликлиникасынын эсепчиси жоопкерчиликке тартылды

Аскер прокуратурасы тарабынан Коргоо министрлигинин аскер поликлиникасы текшерилип, аскер поликлиникасына кайрылган жарандардын каражаттары кызмат адамдары тарабынан ыйгарылып алынган факты боюнча кылмыш иши козголду. Аудиттик текшерүүнүн корутундусуна ылайык зыяндын өлчөмү 3 273 581 сомду түзүп, анын ордун толтуруу үчүн комплекстүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Чогултулган далилдердин негизинде… Кененирээк…

Японияда үлпөт тойдун жаңы тенденциясы популярдуу болууда

Японияда үлпөт тойдун жаңы тенденциясы популярдуу болууда.   Кыздар күйөө баласыз турмушка чыгуу жөрөлгөлөрүн уюштурган учурлар көбөйүүдө. Бул саамалык кадимки тойлордон дээрлик айырмаланбайт. Келин көйнөк тандап, үй-бүлөсүн, досторун ресторанга чакырып, фотосессияга буйрутма берет.   Мындай иш-чара уюштуруунун бир нече себеби бар – айрымдар жөн гана… Кененирээк…

Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетти

Курманкул Зулушев өз каалоосу менен Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетип, анын ордуна Айбек Абылкасымовдун талапкерлиги сунушталды.   Курманкул Зулушев бул орунга 19-апрелде келген. Ал июнь айынын башында башкы прокурор кызматынан да кеткен. 54 жаштагы Курманкул Зулушев 2000-жылдан бери прокуратура тармагында иштеп, 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун… Кененирээк…

Өлкөдө доллар курсунун солгундоосу уланууда

Өлкөдө доллар курсунун солгундоосу уланууда. Улуттук банк бүгүн америкалык валютанын расмий кунун 86 сом 12 тыйын деп бекитти. Бир суткада төмөндөө дээрлик чейрек пайызга жетти.   Евро дагы арзандап жатат, учурда ал 92 сом 23 тыйын турат, рубль – 98 тыйын, тенге 18 тыйын.

Кыргызстанга автогаз жеткирилип баштады, тартыштык жоюлат

Кыргызстанга автогаз жеткирилип баштады, тартыштык жоюлат.   Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоациациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, Россиядан вагондордун алгачкы партиясы түндө келди.   Эске салсак, аталган өлкөнүн темир жол цистерналары жетишсиз болуп жаткандыктан, газ жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралган. Бул өз кезегинде Кыргызстанда автогаздын дефицитин… Кененирээк…

Аймактарда селдин кесепеттерин жоюу иштери кызуу жүрүүдө

Аймактарда селдин кесепеттерин жоюу иштери кызуу жүрүүдө.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел каптаган Ноокат, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу жана башка бир катар райондордо жолдорду калыбына келтирүү, тазалоо иштери уланууда.   Учурга карата бардык жолдор унаа кыймылы үчүн ачык. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Октябрда өлкөдөгү пенсиянын орточо өлчөмү 10 миң 547 сомду түзөт

Октябрда өлкөдөгү пенсиянын орточо өлчөмү 10 миң 547 сомду түзөт.   Бул тууралуу министрлер кабинетинин “1-октябрдан тарта пенсиянын индексациясы жөнүндө” токтомунда айтылат. Документ коомдук талкууга чыгарылды.   Анда Кыргызстанда пенсия жашоо минимумунан төмөн болбошу керектиги жазылган. Эске салсак, 1-июлдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү жогоруласа, октябрда… Кененирээк…

Кыргызстанга Швейцариянын тышкы иштер министри келди

Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис Кыргызстанга расмий сапар менен учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.   Кассис 3-июлга караган түнү «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна келип конду. Сапардын алкагында ал кыргызстандык кесиптеши, министр Жээнбек Кулубаевге жолугуп, кыргыз-швейцария кызматташтыгын… Кененирээк…