2026-жылкы дүйнө чемпионатынын башкы фаворити аталды

2026-жылкы дүйнө чемпионатынын башкы фаворити аталды. Рейтингди Goal.com порталы түздү. Биринчи орунда трофейдин азыркы ээси Аргентина курамасы жайгашат.

 

Экинчиде Испания командасы жана фавориттердин үчилтигин Англия курамасы бекитет. Тизмеде ошондой эле Германия, Колумбия, Нидерланды, Португалия жана Италия бар.

 

Эске салсак, 2026-жылкы мундиаль АКШ, Мексика жана Канадада өтөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.