Эң кирешелүү футбол клубу аныкталды.
Deloitte консалтинг агенттигинин маалыматына ылайык, рейтингдин сап башында мадриддик “Реал” жайгашат, ал өткөн жылы 831 миллион евро тапты.
Экинчи орунда 826 миллион менен англиялык премьер-лиганын жана Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү “Манчестер Сити” турат. Ал эми үчилтикти 802 миллион евро киреше тапкан ПСЖ бекитет.