Акжол Махмудов Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомого ээ болду

Акжол Махмудов дүйнө чемпионатыны н финалына чыкты. Чемпионат ушул тапта Сербиянын борбору Белградда өтүүдө. Махмудов килемде 77 килограмм салмакта күрөштү.

 

Спортчу норвегиялык, египеттик жана өзбекстандык балбандарды жеңди.

 

Ал эми жарым финалда япониялык спортчу Нао Кусаканы 7:5 упай эсебинде утту. Муну менен балбан 2024-жылы Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомого ээ болду. Махмудов алтын медаль үчүн бүгүн күрөшөт.