Кыргызстанда буудай жана унду импорттогондор 2024-жылга чейин кошумча нарк салыгынан бошотулду.
Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети кабыл алды.
Буга чейин ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы жаңы жылдан тарта буудайдын баасы 12 пайыз, ун 14-15 пайыз кымбатташы мүмкүн экенин билдирген.
Буга өкмөттүн күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк баасын аныктаган токтомунун мөөнөтү аяктап жатканы себеп болгону айтылган.
Мындан улам эми импорттолгон азык-түлүктөрдөн 12 пайыз киреше салыгы алына баштай турганы кабарланган.