Мамлекеттик ипотекалык компания быйыл турак-жай курулушуна артыкчылык берет

Мамлекеттик ипотекалык компания быйыл турак-жай курулушуна артыкчылык берет. Уюмдун башчысы Аида Төлөгөнованын айтымында, батирлер кийин жарандарга ипотекалык насыя менен берилет.

 

Учурга карата аймактарда курулуш алдына жер бөлүндү. Төлөгөнова эске салгандай, өткөн жылы ипотекалык насыяны 1,5 миңден ашык үй-бүлө алды. Жалпы сумма 4 миллиард сомду түздү.