Дыйкандарга арзандатылган баа менен күйүүчү-майлоочу материал сатылып баштады

Дыйкандарга арзандатылган баа менен күйүүчү-майлоочу материал сатылып баштады. Бул үчүн Материалдык резервдер мамлекеттик фонду май куючу станциялардын тармагы менен келишим түздү.

 

Ага ылайык, 3 миллион литр дизелдик отун 65 сомдон сатылат. Учурга карата мунай базаларында жана май куюу станцияларында 25 миң тонна дизель сакталып турат.

 

Арзандатылган баа менен отунду алуу үчүн фермерлер айыл өкмөттөргө кайрылышы керек.