Дүйнөдө ар эки жумада бир тил жоголот

Дүйнө жүзүндө ар бир эки жумада бир тил жок болуп, өзү менен кошо маданият жана интеллектуалдык мурастарды алып кетет.

Бул тууралуу ЮНЕСКО билдирди.

Уюмдун маалыматына ылайык, дүйнөдөгү алты миң тилдин кеминде 43%ы жок болуп кетүү коркунучунда турат.

Көйгөй өкмөттүн мектептерде эне тилди окутууга тийиштүү көңүл бурбашынан жана санариптик дүйнөдө тилди жайылтууга жетиштүү деңгээлде маани бербестигинен келип чыгууда.

Ошол эле учурда ЮНЕСКО бүгүнкү күндө дүйнөдө тилдер маданий көп түрдүүлүктү сактоодо жана маданияттар аралык диалогду камсыз кылууда, ошондой эле кызматташтыкты чыңдоодо жана сапаттуу билимге жетишүүдө маанилүү роль ойнорун түшүнүү өсүп жатканын кошумчалады.