Сосновка бекетинде жүк ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Сосновка бекетинде жүк ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, мунун себеби туруксуз аба ырайына байланыштуу.

 

Бүгүн өлкөнүн айрым жолдорунда кар, кар аралаш жамгыр жаап, бороон болуп жатат. Мындан улам Сосновка постунда оор жүк ташыган машиналарга убактылуу чектөө киргизилди.