Кыргызстандын тышкы карызы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 4 пайызга көбөйдү. Novosti.kgге Каржы министринин орун басары Руслан Татиков тактагандай, сумма 181 миллион долларга өстү.
Маалыматка ылайык, бул насыя алуунун эсебинен болду.
Белгилеп кетсек, учурга карата Кыргызстандын жалпы тышкы карызы 4 миллиард 494 миллион долларды түзөт. Өлкөнүн эң ири кредитору — Кытай.