Электр энергиясынын тарифтерин жогорулатуу менен жылдык киреше 2,5 миллиард сомдон ашат

Электр энергиясынын тарифтерин жогорулатуу менен жылдык киреше 2,5 миллиард сомдон ашат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Ал эске салгандай, 1-майдан тарта калк бир киловатт-саат үчүн 77 тыйындын ордуна 1 сомдон төлөйт.

 

Эгер керектөөчү айына 700 киловатт-сааттан ашык колдонсо, анда тариф мурдагыдай – 2 сом 16 тыйын болуп кала берет. Чиновник белгилегендей, электр энергиясынын тарифтерин жогорулатуу аргасыздан кабыл алынган чара.

 

Бул эскилиги жеткен жабдууларды жаңыртууга мүмкүнчүлүк берет.