Чүй облусунда “Технополис” өндүрүш аймагынын курулушу башталды

Чүй облусунда “Технополис” өндүрүш аймагынын курулушу башталды. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, анда текстиль жана тигүү өндүрүшү үчүн 11 объект уюштурулат.

 

Ведомстводон белгилешкендей, долбоорду ишке ашыруу эл аралык стандарттарды киргизүүгө, дүйнөлүк бренддерден буйрутмаларды алууга жана кайра иштетилген сырьену каттоодо ачыктыкты камсыздоого шарт түзөт.