Чемпиондор лигасынын биринчи жарым финалчылары аныкталды

Чемпиондор лигасынын биринчи жарым финалчылары аныкталды. Алар “Реал Мадрид” жана “Милан”. Испандык клуб 2:0 эсебинде англиялык “Челсини” утуп алды.

 

“Милан” болсо “Наполи” менен кез келген. Беттеш теңме-тең аяктады, бирок биринчи оюнда “Милан” күчтүүрөк болгондуктан, ал турнирдин кийинки баскычына өттү. Жарым финалчылардын жуптары бүгүнкү “Бавария” – “Манчестер Сити” жана “Интер” – “Бенфика” беттештеринде аныкталат.