Кыргызстанда жашоо минимуму өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча, өлкөдө жашоо минимуму 7 миң 501 сомду түздү.
Бийликтин айтымында, бул сумма бир айлык азык-түлүк жана товарларга, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө жана салыктарды төлөөгө жетет.
Белгилеп кетсек, көрсөткүч 3 ай ичинде 323 сомго көтөрүлдү. Январь айында республикада жашоо минимуму 7 миң 178 сом болчу.