Салык декларациясын тапшырууга туура 1 жума калды

Салык декларациясын тапшырууга туура 1 жума калды. Кампания 1-майда аяктайт. Мамлекеттик салык кызматы буга байланыштуу жарандарды жана жеке ишкерлерди салык декларациясын тапшырууну акыркы күнгө калтырбоого чакырат.

 

Анткени бул салык органдарында кезектин көбөйүшүнө же маалыматтык системасында ашыкча жүктүн пайда болушуна алып келиши мүмкүн.

 

Ошондуктан, ведомство бардык салык төлөөчүлөрдөн салык милдеттенмесин алдын ала аткарууну өтүнөт.