Чүйдө 2 заводдун курулушу башталды

Чүйдө 2 заводдун курулушу башталды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кант шаарында “Кант ТШИ” заводунун жаңы линиясынын жана Ивановка айылында “Асыл-Таш” керамика” заводунун имаратынын пайдубалына капсула салды.

 

Белгилеп кетсек, “Кант ТШИ” заводунун жаңы линиясы автоклавдык газ бетон өндүрөт.

 

Долбоордун жалпы суммасы 12,1 миллион долларды түзсө, анын 8,5 миллион долларын Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат. Муну менен кошумча 120 жумуш орду түзүлөт.