Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда кыймылга чектөөлөр киргизилди. Бул Боом капчыгайында таш кулатуу иштерине байланыштуу, — дешти “Кыргыз темир жолу” ишканасынан.
Ага ылайык, бүгүнтөн тарта 13-майга чейин трассанын 131-чакырымында кооптуу таштарды атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлүп, жол эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин маал-маалы менен жабылып турат.
Бул учурда трассада бир тараптуу кыймыл уюштурулат.