Евробиримдик Кыргызстанга жалпы суммасы 11 млн долларлык эки грант бөлөт

Быйыл Евробиримдик Кыргызстанга жалпы суммасы 11 миллион долларлык эки грант бөлөт. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

 

Анын ичинен 3,3 миллион доллар же 293 миллион сомдон ашыгы санариптештирүү секторун реформалоо программасынын алкагында берилери күтүлүүдө.

 

Ошондой эле, мектептик билим берүүнү реформалоонун алкагында Кыргызстан дагы 7,7 миллион доллар алат.