Жалал-Абад облусунун ички жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Чаткал районунун Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка автоунаа жолунун 85-86-чакырымында бүгүн таңкы саат 7:46да кар көчкү түшкөн.
Жерине №27-жол тейлөө иш канасынан 1 жүктөгүч тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Кар көчкүнүн көлөмү учурда такталууда.
Тынымсыз тазалоонун натыйжасында жол эки тараптуу ачылды.
«Ушул жылдын 15-февралынан 19-фералына чейин Жаңы-Базар – Каныш-Кыя, Красная-Горка – Акташ унаа жолдорунда кар көчкү түшүү кооптуулугу жогору болгонуна байланыштуу зарылчылык болбосо узак жолго чыкпай турууну эскертебиз», — деп айтылат маалыматта.