Түп районунда сел каптаган 98 турак үй жана короо жайлары тазаланды

Түп районунда сел каптаган 98 турак үй жана короо жайлары тазаланды. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Корумду айылында 41, Көөчү айылында 24, Талды-Сууда 33 үй, 1 мектептин ашканасы, 1 бала бакчанын жертөлөсү, короо жайлары толук тазаланып, 13 көпүрө жана 5 миң 450 метр ички чарбалык жолдор калыбына келтирилди.

 

Жеринде дезинфекция иштери жүргүзүлүүдө. Эске салсак, 7-августта нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел жүрүп, айылдар жабыркаган. Андан тышкары, 35 гектар айдоо талааларын, ички чарбалык унаа жолдорду жана көпүрөлөрдү да сел алган.