Бүгүн транспорт, турак жай жана үй жанындагы жер участогуна салыктарды төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү. Бул тууралуу Салык кызматынан эскертишти.
Салыктарды банктардын кассаларына, почта бөлүмдөрүнө, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарга, аны менен катар эле төлөм карталары, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөсө болот.