Салыктарды төлөө убактысы келди

Салыктарды төлөө убактысы келди.

 

Мамлекеттик салык кызматынан эскертишкендей, 1-сентябрга чейин жарандар транспорт, турак-жай жана үй алдындагы жер тилкелери үчүн салыктарды төлөшү керек.

 

Өз убагында төлөөгө жетишпей калгандар 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сомдон айып салынат. Салыктар банк кассаларында, почта бөлүмдөрүндө, төлөм терминалдарында жана интернет-банкинг аркылуу кабыл алынат.