Жогорку Кеңеш жайкы тыныгуудан кийин ишин расмий баштады

Жогорку Кеңеш жайкы тыныгуудан кийин 1-сентябрда ишин расмий баштады. Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев күзгү сессияны ачып жатып, аймактарда аткарылып жаткан иштерге токтолду.

«Аткаруу бийлиги ушул жерде көтөрүлгөн маселелердин,көйгөйлөрдүн негизинде биргелешип бир топ иштерди жасап жатат. Аймактар өнүкмөйүнчө, күчтүү болмоюнча өлкөбүз өнүкпөйт, күчтүү болбойт. Биз баарыбыз аймактарды кыдырып келдик. Көйгөйлөр дагы деле бар. Ишибизди баштадык, комитеттерде, фракцияларда ишибизди уланталы»,-деди Шакиев.

Жогорку Кеңештин азыркы, VII чакырылышынын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен.

Жаңы Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган.