Жарандар 24-июлга чейин мүлктүк эсептен чыгарууну алуу үчүн арыз менен кайрыла алышат

Жарандар 24-июлга чейин мурдагы жылдары тапшырган салык декларацияларынын негизинде социалдык, же мүлктүк эсептен чыгарууларды алууга арыз берүүгө укуктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

 

Мындай мөөнөт Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-июнунда күчүнө кирген «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу белгиленген.

 

Салык кодексинин 196 жана 197-беренелерине ылайык, салык төлөөчүлөр ушул мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 45 календардык күндүн ичинде социалдык жана/же мүлктүк эсептен чыгарууларды алуу жөнүндө салык органына арыз менен кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул үчүн эсептен чыгаруу укугун тастыктаган тиешелүү документтерди тиркөө керек.

 

Социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууга өз укуктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз салык органы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин салык төлөөчүнүн салык декларациясын жок кылбоого негиз болуп саналат.

 

Эскерте кетсек, аталган мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып мүлктүк эсептен чыгарууну алуу максатында баштапкы жана такталган салык декларацияларын кабыл алууга жол берилбейт.