Азия оюндарында алтын медаль алган дзюдочу Эрлан Шеровго Бишкектен батир тапшырылат

Азия оюндарында алтын медаль алган дзюдочу Эрлан Шеровго Бишкектен батир тапшырылат. Бул тууралуу Дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев билдирди.

 

Анын айтымында, бул өлкө тарыхында дзюдо боюнча биринчи алтын болгондуктан, башка спортчуларга дагы стимул болсун деп Шеровго батир белекке берүү чечими кабыл алынды. Эске салсак, 26-сентябрда Эрлан Шеров Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын чемпиону болгон.