Бишкекте учурда көмүрдүн баасы туруктуу, тартыштык жок. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кабарлады. Кара отундун наркынын жогорулап кетишин алдын алуу максатында ведомство кызматкерлери сатуу жайларында мониторинг жүргүздү.
Кара-Кече көмүрү 5 миң 500 сомдон, ал эми казакстандык отун 6 миң сомдон берилип жатат. Көмүр саткандарга бардык нормаларды сактап, сооданы мыйзам чегинде жүргүзүү керектиги эскертилди.