Кыргызстанда пенсия жогорулады

Кыргызстанда пенсия жогорулады. Социалдык фонд 1-октябрдан тарта пенсияны жогорулатууга 4 миллиард сом багыттады. Президент жарлыгына ылайык, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү  38 пайызга, бирок 500 сомдон кем эмес суммага көбөйтүлдү.

 

Муну менен алдыдагы индексациянын жыйынтыгында өлкөдө орточо пенсия 9 миң 354 сомду түзүп калат. Бул буга чейинки орточо пенсияга салыштырмалуу 1 миң 692 сомго көп.