Бишкек жана Чүйдө жолдор убактылуу жабылат

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө 12-13-октябрь күндөрү унаа кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, Манас аэропортунун жолу Бишкек шаарынын чегине чейин, Фучик көчөсү Чүй проспектисине чейин, Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тарта чыгышты карай Манас проспектисине чейин, Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейин, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан тарта “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине чейин жана Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолу аркылуу Кант шаарына чейин жабылат.

 

Чектөөлөр КМШ лидерлеринин саммитине байланыштуу.