Жети-Өгүздө эмерек цехи жана эки дүкөндөн чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы ири өрттү өчүрүүдө беш бөлүм иштеди.
Тилсиз жоо болжол менен 1900 м² аянтты жалмаган.
Андан жабыркагандар жок. Учурда өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.