Бүгүн мектеп окуучуларынын күзгү каникулдары соңуна чыгууда. 13-ноябрь, дүйшөмбүдө экинчи чейрек старт алып, ал 29-декабрга чейин уланат.
30-декабрда кышкы 14 күндүк эс алуу башталат. Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, жазгы каникул 21-марттан 31-мартка чейин созулат.
Ошондой эле үчүнчү чейректе биринчи класстын окуучулары үчүн кошумча эс алуу берилет.