Жыл башынан бери калкка социалдык колдоо катары 9,5 миллиард сом бөлүндү

Жыл башынан бери калкка социалдык колдоо катары 9,5 миллиард сом бөлүндү.

 

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражат аз камсыздалган үй-бүлөлөргө пособие катары, социалдык жөлөк пул, бала төрөлгөндө бир жолку сүйүнчү акы катары жана башка бир катар максаттарда берилген.

 

Ошондой эле, каржылык колдоо компенсация берүүгө, жумушсуз адамдарды кесипке үйрөтүүгө жана майыптыгы бар балдардын персоналдык ассистенттерине айлык төлөөгө багытталды.