Түштүк Кореянын элчилиги Бишкекке техникалык колдоо көрсөтөт

Түштүк Кореянын элчилиги Бишкекке техникалык колдоо көрсөтөт. Мэрия менен дипломатиялык өкүлчүлүк ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум жетишилди.

 

Макулдашуунун алкагында муниципалитетке техникалык жабдуулар жана унаа тапшырылат. Андан тышкары, элчилик Кыргызстан – Түштүк Корея ынтымак паркын көрктөндүрүүгө жардам берет.